Марал Радиосу

БШК эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого жана референдумга эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

БШК 26-марттагы жыйында эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр катталды:

-Ханс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору;

-Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы;

-Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы;

-Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы;

-Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы;

-Беларусиянын Шайлоо жана республикалык референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;

-Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши;

-Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.