Марал Радиосу

Ташиев: Кыргыз-өзбек анклавдары боюнча маселе жок

Кыргыз-өзбек мамлекеттеринин ортосундагы анклавдар боюнча маселе жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйында кабарлады.

Ташиев Кыргызстандагы Өзбекстандын Барак анклавы боюнча да маселе чечилгенин айтты.

Эки тараптуу келишим 2017-жылы түзүлгөн. Ага ылайык, Барак анклавы Өзбекстанга өткөрүлүп берилген. Ал эми өзбек тарап Кара-Суу районунун аймагынан кыргыздарга жер бөлгөн.

Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөр жеңил болбогонун кошумчалады.