Марал Радиосу

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы айылдарды колдоого 17 млн доллар бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) айылдарды колдоо үчүн кошумча 17 миллион доллар бөлөт. Анын 8,5 миллион доллары грант түрүндө, 8,5 миллион доллары насыя түрүндө берилет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кошумча каржылоо боюнча келишим өкмөт тарабынан жактырылып, ага Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков кол койгон.

Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга жана айылдарда алгачкы медициналык-санитардык жардам жана гигиеналык каражаттардын жеткиликтүүлүгүнө багытталган.