Марал Радиосу

Президент Улуттук статкомдун ишин электрондук форматка өткөрүүнү талап кылды

Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин ишин электрондук форматка өткөрүүнү тездетүүнү талап кылды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Самат Насирдиновду кабыл алып, эсеп-кысап иштерин жана маалыматтарды берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн статистикалык отчетту электрондук форматка өткөрүү ишин тездетүү керектигин белгиледи.

Самат Насирдиновдун айтымында, 2020-жылдагы программага ылайык, Улуттук статистикалык комитет тарабынан 25 миңден ашуун иш аткарылган. 2020-жылы Улуттук статистикалык комитет тарабынан 77 экономикалык баяндама, республиканын жана аймактардын социалдык-экономикалык абалын мүнөздөгөн 1171 көчмө маалымат, ошондой эле экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдүн өнүгүүсүн ар тараптуу мүнөздөгөн 700дөн ашык статистикалык бюллетень даярдалган.