Марал Радиосу

Байтерек: Жапаровдо антителолордун саны азайса, эмделет

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анын маалыматына караганда, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан, жетиштүү көлөмдө табылган.

«Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентти эмдөөнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет», — деди Галина Байтерек.

Белгилей кетсек, 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын баштайт. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп эмдөө алат.