Марал Радиосу

Байден экинчи мөөнөттө да президенттикке талапкер болот

Presidential candidate and former Vice President Joe Biden released a detailed medical report.

АКШ президенти Жо Байден мамлекет башчысы катары эл алдында алгач ирет жыйын өткөрдү.

Пресс-жыйын учурунда ал 2024-жылы экинчи мөөнөткө да талапкер болуу ниети бар экенин билдирди.

«Ооба, мен экинчи мөөнөткө аттанууну пландап жатам», — деди Байден.

Жо Байден өткөн жылдын күз мезгилинде болгон шайлоодо мурунку президент Дональд Трампты жеңип, бийликке келген. 78 жаштагы Байдендин президенттик кызматка киришкенине 65 күн болду.