Улуттук банк бул айдын башынан бери экинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.
Өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн кечээ, 25-мартта коммерциялык банктарга 43,7 миллион доллар сатылды. Жалпысынан, март айында валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Улуттук банк 74,3 миллион доллар чыгарган.
Жыл башынан бери 209 миллион 750 миң доллар сатылды. Өткөн жылы Улуттук банк 29 жолу интервенция жасап, 467 миллион 150 миң доллар сатылган.