Марал Радиосу

Миң-Куштагы уран калдыгы сакталган жай оңдолууда

Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасындагы калдык сактоочу жайда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Оңдоп-түзөө 2013-жылы КМШ өлкөлөрү ортосунда кабыл алынган «Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын
рекультивациялоо» прогаммасынын негизинде ишке ашырылууда. Бул программанын алкагында буга чейин Кажы-Сай шаарчасындагы калдык сактоочу жайды рекультивациялоо аяктаган.

Уран калдыктарды сакталган жайларды оңдоп-түзөө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө.