Марал Радиосу

Кыргызстан электр энергияны Өзбекстандан карызга ала турган болду

Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстандын айыл чарбасын сугат суу менен камсыздоо максатында 1 кВт/саат үчүн шарттуу баада 750 млн кВт/саатка чейин көлөмдө электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди», — деп айтылат маалыматта.

Ошентип, Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү 2021-жылы марттан октябрга чейин жана 2022-жылы март-апрель айларында ишке ашырылат. Андан кийин 2021-2023-жылдардын июнь айынан августуна чейинки мезгилде Өзбекстанга электр энергиясынын ушул көлөмү кайтарылып берилет.