Марал Радиосу

Акыркы суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

Соңку суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт чыккан облус-шаарлар:

— Бишкек шаарында — 1,

— Чүй облусунда — 2,

— Ош, Ысык-Көл, Талас облустарында бирден өрт кырсыгы катталган.

Кара-Жыгач конушунда үч кабаттуу турак үйдүн 5 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Кесепетинде 1959-жылы туулган эркек киши каза болуп, сөөгү милицияга өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.