Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 2 бейтап каза болду. Алар Бишкек шаарында катталды. Кыргызстанда COVID-19дан жалпы 1494 адам көз жумган.
25-мартка карата Кыргызстандын аймагында дагы 106 адамдан коронавирус менен пневмония аныкталды. Бишкек шаарында — 61, Чүй облусунда — 40, Баткен облусунда — 2, Ош шаарында — 1, Ысык-Көл облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 1 адам илдетке чалдыккан.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 87 758 адамга коронавирус жуккан.
Акыркы суткада 68 бейтап коронавирустан айыккан. Өлкө боюнча вирусту жеңгендердин жалпы саны 84 407 адамды түздү.