Марал Радиосу

Пандемиянын ишкердикке тийгизген таасири

Бизнес акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде пандемиянын ишкердикке тийгизген таасири тууралуу маалымат берди.

Ал Дүйнөлүк банктын маалыматына таянып билдиргендей, пандемиядан улам Кыргызстанда инфляция 9.7%ды түзүп, ИДП 8.6%га төмөндөгөн. 40 миңдей жумуш орун жоюлган.

Мындан сырткары, сомдун куну кескин түшүп кеткен.

Мусуралиев өз сөзүндө ишкерлер өндүрүш, азык-түлүк жана кийим тигүү тармагына артыкчылык бериши керектигин кошумчалады.