Марал Радиосу

Каратаев менен Үсөнбаев кызматынан бошотулду

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Нурболот Үсөнбаев менен Мадамин Каратаев кызматынан бошотулду. Бул маалыматты «Марал» радиосуна министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Каратаев бул кызматка 2018-жылдын июнунда келген. Ал эми Үсөнбаев 2020-жылдын апрель айында орун басар болуп дайындалган.