Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын азык-түлүгүн Казакстанга ташып кетип жатышат»

Кыска кабар , Экономика | 24 Мар 2021 | 2754 | 1

«Казакстанда 1-апрелден тарта карантин күчөтүлөт» деген маалымат Кыргызстандагы азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө таасир берди. Тактап айтканда, биздин редакцияга угарман кайрылып, Кыргызстандагы күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азыктар Казакстанга ташылып жатканын айтты. Буга кыргыз бийлиги кандай реакция кылат? Өлкөдө азык-түлүк ансыз да кымбат болуп жатканда, бул көрүнүш абалды дагы да курчутпайбы?

Биздин редакцияга кайрылган Галбүбү апа базарда 10 жылдан бери жашылча-жемиш сатып иштейт. Анын айтымында, азыркы учурда Казакстанда карантиндик чектөөлөр күчөтүлүп, 1-апрелде чек аралардын жабылышына карата алар биздеги азык-түлүктөрдү фуралар менен жүктөп алып чыгып кетүүдө. Буга байланыштуу базардагы жашылча-жемиштин баасы кескин өсүп кетти, тактап айтканда, 5 сомго кымбаттады.

«Бардык жашылча-жемишке 5 сомдон кошулуп, аябай кымбат болуп жатат. Мурда 19-20 сомдон алсак, азыр 25 сомдон алып жатабыз. «Сары-Өзөн» базарынан азык-түлүктөрдү фураларга жүктөп, Казакстанга алып кетишүүдө. Аларга да, бизге да кымбат сатып жатышат. Пандемияга байланыштуу карантиндик чектөөлөр күчөтүлүп, 1-апрелден тарта чек аралар жабылат экен. Ошондуктан алар алдын ала камданып жатышкан имиш», — деди Галбүбү апа.

Бүгүнкү күндө азык-түлүктүн бааасына чектөө киргизүүгө мүмкүн болбой жатат. Себеби бааларды көзөмөлдөө үчүн Өкмөттүн атайын токтому чыгышы керек. Маселен, былтыр да ушул сыяктуу көрүнүш кайталанып, Өкмөттүн токтомунун негизинде Монополияга каршы агенттик бааларды 90 күндүн ичинде жөнгө салган. Бул тууралуу аталган мекеменин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов билдирди.

Ал мындан тышкары өлкөнүн базарларында күндө мониторинг жүргүзүлүп, алынган маалыматтар Өкмөткө жана Экономика министрлигине жөнөтүлүп турарын, бүгүнкү күндө кумшекер, өсүмдүк майы, тоок эти жана жумурткага карата Өкмөттүн токтому даярдалып жатканын кошумчалады. Ал белгилегендей, токтомго кол коюлса, жогоруда аталган азык-түлүктүн баалары калыпка салынат.

«Бизде кымбаттап жаткан азык-түлүктөрдүн 80-90%ы сырттан алынып келинет. Мисалы, кумшекерди алсак, бизге жылына 150 миң тонна керек болсо, былтыр 60 миң тоннасын гана өзүбүз өндүрдүк. Ал эми өсүмдүк майын алсак, жылына 100 миң тонна керек болсо, биз 15 миң тоннасын гана өндүрөбүз, калган 86 миң тоннаны сырттан алып келебиз. Ошого байланыштуу сырттагы бааларга көз карандыбыз», — деди Маматоморов.

Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев Кыргызстандагы азык-түлүктүн 70%ы сырттан алынып келинерин, мындан улам баасын бир калыпта кармоо же чектеп коюу кыйынчылык жаратарын айтат. Анын айтымында, Кыргызстандан өндүрүлгөн азык-түлүккө туура эле баалар коюлган. Себеби буга чейин жашылча-жемишке коюлган баалар өтө арзан болуп калып, дыйкандардын эмгеги акталбай калган учурлар көп болгон.

«Биз мониторинг жүргүзүп карайбыз. Кайсы баалар туура коюлган, кайсылары жогору же төмөн коюлуп калган. Туура эмес коюлган баалардын арасында биринчи орунда кумшекер, өсүмдүк майы жана эт турат. Ал эми картошканын баасы негизинен туура эле. Себеби мурдагы жылдары картошканын баасы 10 сом болуп, дыйкандардын эмгеги акталбай калган болчу. Дыйкандар тарабынан караганда да, сатып алуучулар тарабынан караганда да — ыңгайлуу баа», — деди Арзыбаев.

Ошол эле учурда ал Казакстанга чыгарылып кеткен азык-түлүктөр боюнча маалыматы жок экенин айтты.

Маалым болгондой, азык-түлүккө болгон баалар бир айдын ичинде 20%дан ашыкка кымбаттап кетсе, Өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт. Ал эми бүгүнкү күндө баалардын кымбатташы ал көрсөткүчкө жетпегенине байланыштуу көзөмөлгө алына элек.

Эске салсак, былтыр сентябрь айында кумшекердин баасы килограммына 40-45 сом болгон болсо, бүгүнкү күндө 63 сомго көтөрүлдү. Ошондой эле өсүмдүк майы жана жумуртканын баасы былтыр 85-90 сом болсо, азыр өсүмдүк майы 139 сомго көтөрүлүп, ал эми жумуртка 120 сомдон сатылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM