Марал Радиосу

Азат Үсөналиев Түркияда өткөн бокс боюнча мелдеште алтын алды

Кыргызстандык боксчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

16-20-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык Азат Үсөналиев 52 кг салмак категориясында алтын медаль утуп алды.

Ал эми Эсенбек Акылбек уулу (57 кг) күмүш медаль жеңди. Эркин Адылбек уулу (81 кг) жана Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг) 3-орундарды ээлешти.

Түркиядагы мелдешке Кыргызстандын атынан 12 спортчу катышып, аларды башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев жетектеп барды.