Марал Радиосу

Ош шаарында 25-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында 25-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Быйыл Ош шаарына жылуулук 22-октябрдан баштап берилген.

Ош жылуулук электр борбору 330 көп кабаттуу үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 19 бала бакчаны, 19 мектепти, 8 окуу жайды жана башка обьектилерди жылуулук менен камсыз кылат.