Марал Радиосу

Чек арада коркуп жашайм. Баткендик Адил президентке кайрылды (видео)

Баткен облусунун Көк-Таш айылында жашаган кичинекей бала президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал аты Адил экенин жана бир жыл мурун үйүн өрттөп кетишкенин айтат.

Тажикстан менен чектешкен жерде, чек арадан эки метр алыстыкта жашаган бала мындан ары ал жерде жашоо коркунучтуу болуп калганын айтып, президенттен маселени чечүүнү өтүндү.

Видеону Бегимай Жаныбекова аттуу колдонуучу Ютубга койду.