Марал Радиосу

Министр: Билим берүүдө стандарт, сапат, мазмун жагынан дүйнөдөн артта калып жатабыз

Билим берүү тармагы башка багыттарга караганда, 10-15 жыл алдыга кадам ташташы керек. Анткени, билим берүү жана илим өлкөгө багыт берип, алдыга сүйрөй турган тармак. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди. Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы билим берүүнүн ички стандарттары, сапаты, мазмуну жагынан дүйнөдөн артта калып жатканын билдирип, бул багытта келерки окуу жылынын башында бир катар өзгөртүүлөр кирерин маалымдады.

«Кыргызстан — билим берүү системасы инерттүү энергия менен кетип бараткан мамлекет. Советтер Союзунун маалында жакшы пайдубал бар болчу. Азыр ошол инерция уланып жатат. Жергиликтүү ар бир мектептеги жакшы чыгармачыл жамааттын негизинде — абал жакшы. Жалпылап айта келгенде, Кыргызстандагы билим берүүнүн ички стандарттары, сапаты, мазмуну жагынан дүйнөдөн артта калып жатабыз. Анткени азыр биздин окутуп жаткан билимибиз дүйнөлүк стандартка, заман талабына жооп бербейт. Ошол алып жаткан көндүмдөр келечекке карай багытталган эмес. Бизде жазылган документтер башка, аны окутуп жаткан мугалимдердин деңгээли башка болуп жатат. Документтер долбоорлордун негизинде жазылып кеткен да, аларда натыйжага багытталган тарабы концепцияга гана жазылган. Бирок аны уюштуруу жагынан мугалимдер даярдалган эмес. Бул багытта биринчиден, берип жаткан билимибиз эмгек рыногуна, базар экономикасына жооп берип, шайкеш болушу керек», — деп билдирди Алмазбек Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, экономика менен билим берүү, илим тармагы экөө параллель, бири-бири менен айкалышып жүрбөсө, анда Кыргызстан артта калат. Билим берүү тармагы башка багыттарга караганда 10-15 жыл алдыга кадам ташташы керек.

«Анткени өлкөгө багыт берип, локомотив катары алдыга сүйрөй турган тармак — билим берүү жана илим. Бүгүнкү берип жаткан билим — бүгүн актуалдуу. Ал эми, 10-20 жылдан кийин бүгүнкү биз окутуп жаткан жаштар өздөрү жашай турган доордо кандай билим керек болот, биз ошого карап жасашыбыз керек. Андыктан бул багытта стандарттарыбызга, окуу пландарыбызга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Буйруса, келерки сентябрдын бирине карата бир топ мамлекеттик документтерибиз даяр болот. Булар жаңыча көндүмдөрдү, дүйнөлүк тренддерди эске алуу менен жаңыча багытта жазылып жатат. Бир мисал келтирейин, алгач орто мектептерде STEM программасы менен табигый илимдерге, математика, технологияларга, искуство тармагына басым жасайлы деп жатабыз. Биз окутуп жаткан балдар Кыргызстандын гана эмгек рыногунда иштейт деген түшүнүк жок. Бүгүнкү күнү дүйнөдөгү бардык мамлекеттери дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере ала турган, дүйнөнүн бардык бурчунда иштеп кете ала турган көп кырдуу кадрларды даярдоого аракет кылууда», — дейт Бейшеналиев.

Ал ошондой эле кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө кыйналбай иштеп кетсин, Кыргызстан эл аралык алкакта иш алып баруусун жакшыртсын десек, биздин балдар  аталган предметтерди мыкты өздөштүрүүсү керек экенин кошумчалады.