Марал Радиосу

Кыргызстанда 138 мектеп 3 смена менен окутат

Кыргызстанда 138 мектеп 3 смена менен окутат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» маек куруп жатып айтты.

Анын маалыматына таянсак, 245 авариялык абалдагы мектеп бар. 400 билим берүү объектиси капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындан улам Бейшеналиев коомчулукту меткептерди оңдоого колдоо көрсөтүүгө чакырды.

«12-апрелде бизди колдоп жаткан донор, мекеме, ири уюмдардын жана министрликтин катышуусунда иш-чара уюштурулат. Анда министрликтин 3 жылдык программасы жарыяланат. Билим берүү тармагын туризмдин класстери катары карашыбыз керек. Бул тармак экономикага чоң салым кошот», — дейт министр.

Бейшеналиевдин маалыматында, дүйнөдө айрым мамлекеттер илим изилдөөгө 1% акча бөлөт. Кыргызстанда бул көрсөткүч он эсе төмөн, башкача айтканда 0,1 пайызды гана түзөт.