Марал Радиосу

Айбек Осмонов Жогорку Кеңеште ант берди

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында Айбек Осмонов ант берип, депутаттык кызматка киришти. Ага Борбордук шайлоо комиссиясы 14-мартта мандат тапшырган.

Айбек Осмонов Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясына маркум депутат Алмазбек Акматовдун ордуна келди.

Алмазбек Акматов 57 жашында узакка созулган оорудан улам 28-февралда дүйнө салган.

Айбек Осмонов — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.