Марал Радиосу

Бийлик бутактарында тең салмак болушу үчүн…

Бийлик бутактарында тең салмак болушу үчүн прокуратура, сот, парламент көз карандысыз болушу керек. Бул багытта бир да дайындоо президентке тиешелүү болбошу кажет. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө президенттик институттан көз карандысыз иштеген бир да аким жок.

Жаңы Конституция боюнча жергиликтүү кеңештердин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо чектелип жатат.

Борбордон алыстатуу — эң керектүү саясат. Анткени өлкө аймактарды каражат менен камсыздай албай жатат. Борборлоштуруу — туура эмес принцип.