Марал Радиосу

«Бийлик эл менен манипуляция жасап жатат»

Бийлик эл менен манипуляция жасап жатат. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Конституция — бир кылымга жазыла турган документ. Ал эми президент — 5-10 жыл иштей турган адам.

«Эл жаман абалда турат, эч кимге ишенбей калган. Бирок президент Садыр Жапаров элдин ишенимине кирип, бир ууч топ үчүн келип жатат. Азыркы Конституция Жапаров жана анын тобу үчүн жазылган мыйзам болууда. Эртең бир оппозиция өкүлү баш көтөрсө, дароо аны текшерип башташат», — дейт юрист.