Марал Радиосу

COVID-19: 75 адам илдетке чалдыгып, 51 бейтап сакайды

Film chest x-ray PA upright : show normal human's chest.

Бүгүн, 23-мартка карата COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ал эми жалпы өлүм учурлары 1490го жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун 75 жаңы учуру катталды. Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын жалпы саны 87 миң 537ге жетти.

Бир сутка ичинде 51 бейтап айыгып, оорудан сакайгандардын саны 84 миң 274 адамды түздү.