Марал Радиосу

Нарын жана Чүй облустарында жер титиреди

Кечээ, 22-март, саат 16:45те Нарын облусунда, 18.17де Чүй облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Силкинүү күчү Кочкор районунун Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Арсы айылдарында 3 баллга жеткен. Ушундай эле баллдагы жер титирөө 18:17де Чүй облусунун Ысык-Ата районунун «Ысык-Ата» курортунда жана Чүй районунун Арпа-Тектир айылында да болгон. 

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.