Марал Радиосу

Референдум: Чет өлкөдөгү добуш берүүгө 54 138 кыргызстандык катыша алат

11-апрелде боло турган референдумга чет өлкөдөн 54 138 кыргызстандык катыша алат. Бул тууралуу БШК маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, чет өлкөдөгү жарандардын референдумга добуш берүүсүн камсыздоо үчүн бюджеттен 12 млн сом каралган. Добуш берүү тилкелери 48 шаарда уюштурулат.

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар референдумга «Форма №2» менен катыша алышат. Шайлоо тизмесинен өзүн тактоо иштери 27-мартка чейин уланат. Жалпы өлкө боюнча 3,5 млн жаран добуш берүүгө укуктуу.