Марал Радиосу

Бүгүн шаардын кээ бир аймактарында жана конуштарында суу өчүрүлөт

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин айрым райондорунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаз-жай мезгилине даярдануу максатында «Контррезервуары» суу чыгаруучу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан улам Достоевский, Горький, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта саат 9.00дөн 16.00гө чейин муздак суу болбойт. Ошондой эле «Алтын-Ордо» жана «Кара-Жыгач» конуштарында суу өчүрүлөт.

Буга байланышкан суроолорго жоопту «Бишкек суу каналынын» бирдиктүү маалымат борборунан 1533 кыска номери аркылуу алсаңыз болот.