Марал Радиосу

Бишкекте бир жумада 6 миң 653 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Акыркы жумада Бишкек шаарында 6 миң 653 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милиция кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 70 айдоочу мас абалында рулду башкарган, 11 адам тонировка менен унаа айдап, 100 адам айдоочулук күбөлүгү жок токтотулган.

Түзөтүү жайына 634 унаа жеткирилген. Ошондой эле, 61 кылмыш жана тартип бузуулар аныкталган.

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, шаардыктардан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жол кыймылынын эрежелерин так сактоону суранышат.