Марал Радиосу

COVID-19: Бир суткада 38 бейтап айыкты

Бүгүн, 22-мартка карата COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ал эми жалпы өлүм учурлары 1490го жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун 73 жаңы учуру катталды. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 87 миң 462ге жетти.

Бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып, оорудан сакайгандардын саны 84 миң 223 адамды түздү.