Марал Радиосу

Нооруз-2021: Салбуурун боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Бүгүн, 21-мартта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Нооруз» элдик майрамына арналган салбуурун боюнча финалдык беттештер өттү.

Мелдештерге Баткенден тышкары 6 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 125 оюнчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

Тайган жарыш:

1-орун – Изабеков Алтынбек, Жалал Абад облусу, байге – 6 миң сом;

2-орун – Сооронбаев Талгат, Талас облусу, байге – 4 миң 500 сом;

3-орун – Облусбеков Арсланбек, Талас облусу, байге – 3 миң 500 сом.

Куш салуу:

1-орун – Кубатов Абдурасул, Ош облусу, байге – 6 миң сом;

2-орун – Тынчтык уулу Абдулла, Талас облусу, байге – 4 миң 500 сом;

3-орун – Турат уулу Алтай, Талас облусу, байге – 3 миң 500 сом.

Бүркүт салуу:

1-орун – Мукаев Нурсултан, Ысык-Көл облусу, байге – 6 миң сом;

2-орун – Айбек уулу Азамат, Ысык-Көл облусу, байге – 4 миң 500 сом;

3-орун – Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу, байге – 3 миң 500 сом.

Ителгиге далба ойнотуу:

1-орун – Жекшемби уулу Арзыбек, Ысык-Көл облусу, байге  – 6 миң сом;

2-орун – Абдыкадыров Түгөлбай, Ысык-Көл облусу, байге –4 миң 500 сом;

3-орун – Жумалиев Уран, Ысык-Көл облусу, байге – 3 миң 500 сом.

Жаа атуу:

Эркектер арасында:

1-орун – Мурадил уулу Ынтымак, Талас облусу,  байге – 6 миң сом;

2-орун – Ногойбаев Рустам, Бишкек шаары, байге – 4 миң 500 сом;

3-орун – Бакыт Токтоматов, Бишкек шаары, байге – 3 миң 500 сом.

Аялдар арасында:

1-орун – Садырова Асел, Бишкек шаары, байге – 6 миң сом;

2-орун – Загорулько Оксана, Бишкек шаары, байге – 4 миң 500 сом;

3-орун – Төрөгелдиева Седеп,  Чүй облусу, байге – 3 миң 500 сом.

Ат үстүндө жаа атуу:

1-орун – Көлбаев Нурсултан, Ысык-Көл облусу,  байге – 7 миң сом;

2-орун – Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу,  байге – 5 миң сом;

3-орун – Шейшенбаев Бактыбек, Ысык-Көл облусу,  байге – 4 миң сом.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан дипломдор, медалдар менен сыйланышты.

Exit mobile version