20-марттан тартып мектеп окуучуларынын III чейреги аяктады. Буга байланыштуу 10 күндүк жазгы каникул жарыяланганын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Окуучулар бүгүндөн тарта 1-апрелге чейин эс алууда болот.
Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта онлайн окуу толук токтоп, бардык класстын окуучулары салттуу режимде билим алууга өтөт.