Марал Радиосу

Япониядагы жайкы олимпиадага чет элдиктер кирбей турган болду

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Токиодогу олимпиаданын жана паралимпиаданын уюштуруучулары башка өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүн кабыл алуудан баш тартууну чечишти.

Буга чейин билет сатып алгандардын акчасы кайтарылып берилет. Олимпиадага 600 миң билет жана паралимпиадага 300 миң билет сатыкка чыкканын «Reuters» агенттиги Оюндарды уюштуруу комитетинин башчысынын сөзүнө таянуу менен жарыялады.

Чет элдик көрүүчүлөрдү кабыл алуудан баш тартуу боюнча чечим өлкө бийлигин чайналууга алып келди. Анткени өлкө спорттук мелдештерден баш тартууну каалабай, оюндарды өткөрүүгө даяр экенин белгилеп, ошол эле учурда көрөрмандарынын коопсуздугу да ойлондуруп келет.

Япониядагы массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Токиодогу олимпиаданын өтө турганы боюнча күмөн саноолор көбөйө баштады.