Технология өнүккөн мезгилде өспүрүмдөрдүн көбү түнт жана агрессивдүү болуп чоңоюуда. Ошондой эле балдар үрөй учурган кылмыштарды да көбүрөөк жасап баштаган сыяктуу. Дагы бир жагдай, мурунку мезгилде ата-энелер балдарын үйгө киргизе албай кыйналып, «керелден-кечке эшикте ойнойсуң» дешсе, учурда гаджетке асылган балдарды сыртка, таза абага чыгара албай убара тартканына күбө болуп келебиз.
Адистер акыркы учурларда балдардын түнт тартып, адам менен алакасы азайып, виртуалдык дүйнөгө гана сүңгүп баратканынын себебин технология, интернетти туура эмес, чектен ашык колдонуу, ата-энелердин көзөмөлү жоктугу менен байланыштырышат. Психолог Сумая Асанова ата-эне баласынын туура багыт, туура тарбия алуусуна жоопкер экенин сезиши керектигин айтат.
«Учурда балдардын түнт же агрессивдүү болуп чоңоюусу — кантип жашашты билбегенинде; аларды жашатып келаткан, кантип жашашты үйрөтө турган улуулардын таасиринде. Балдардын түнт болуусу каяктан келип чыгат? Ата-эненин үй-бүлөгө авторитардык башкаруу системасын киргизип алганынан пайда болот. Эмнеге дегенде, ата-эне баладан идеалдуулукту талап кыла берет, же болбосо өзү кичинесинде жетпей калган каалоосун баласына таңуулап, көп нерсе талап кылат. Анан да кичинекей кезинен кагып-силкип, айталы, бизде калыптанып калган «колуңдан келбейт..», «сен ушундайсың…», «баланчанын баласы андай, түкүнчөнүн баласы тигиндей…» деген сыяктуу сөздөр менен жемелеп отуруп, баланы түнттүккө алып келген дагы эле ата-энелер өзүбүз болуп атабыз. Андыктан айтат элем, балдарды келечекке тарбиялоо үчүн алгач алардын сезими менен эсептешүү – өтө маанилүү. Тилекке каршы, биз учурда баланын сезими, каалоосу менен эсептешпей турган абалда жашап калдык».
Чындыгында, интернет желесинде өспүрүмдөрдү терс жолго үндөгөн, жаман жоруктарды жасоосуна түрткү болгон ар кандай маалыматтар арбын. Мындай көрүнүштөрдү иргеп бербей, балдары үчүн эркин жана ачык коюшуна ата-энелер күнөөлүү. Ата-эне телефонго байланган балдарды тарбиялоодон мурда өздөрүн тарбияга салышы керек. Анткени «куш уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат».
«Бардык ата-энеге айтат элем, балдарды тарбиялоодон мурда ата-эне алгач өзүбүздү тарбиялашыбыз керек. Эгерде ата-эне бактылуу болбосо, балдардан бактылуулукту талап кыла албайбыз, үйрөтө да албайбыз. Өзүбүздө эмне болсо, биз ошону эле берип жатабыз. «Ата-эне китеп окушу керек, ата-эне өзүн өнүктүрүшү керек», — деп дайым айтып келебиз. Эмнеге дегенде, бала көргөнүн кылат», — деп кошумчалады Сумая Асанова.
Ал эми педагог Асылбек Жооданбеков ата-эненин педагогикалык билимин, маданиятын өстүрүү зарыл экенин белгилейт.
«Балдарга маани бербеген, күнүмдүк тиричилик менен көбүрөөк алектенген, баланын тарбиясын билим берүү мекемелерине гана калтырып койгон ата-энелер да бар. Ошондуктан бул жерде ата-эненин педагогикалык маданиятын өстүрүү жаатында иш алып барышыбыз керек. Неге дегенде, ата-эне — биологиялык гана ата-эне болбостон, ата-энелик кылуу милдетин өздөштүрүп, балдары менен баарлашуу, алардын аң-сезимин өнүктүрүү жаатында да издениши керек».
«Тунук наристе» балдар бакчасынын жетекчиси Жазгүл Сабырова акыркы кездерде ата-энелер балдарынын тарбиясына көңүл кош мамиле жасап, жадагалса, бала бакчага телефондон алаксытуу үчүн гана жиберип калганын айтып кейийт.
«Балдар бала бакчага келатканда, машинада мультфильм көрүп келет, бутун чечкенге чейин ата-эне телефонду кармап турат. Кээде «Телефонду бербей койдуң», — деп өкүрүп-бакырып, ыйлап кирген балдар да болот. Кээ бир ата-эне айтат: «Ушуякта ойноп, телефондон алыстаса эле болду», — деп. Бияктан деле телефон алгылары келип, кечке мультфильм көрүп отура бергиси келген балдар да бар. Бирок бизде атайын бекитилген расписание менен өнүктүрүү сабактары өтүлөт. Тарбиячылардын таасири менен бала бияктан телефонду унутуп калат. Тилекке каршы, кечинде үйүнө барганда, кайра эле баягы көрүнүш кайталанат».
Учурда балдардын телефонго байлануусу, ага көз каранды болуп калышы түнт, коомго аралашпаган, бардык нерсеге кайдыгер караган муундун өсүшүнө алып келүүдө. Албетте, буга ата-эне жана аны курчап турган чөйрө күнөөлүү экенин белгилешет адистер. Андыктан бала тарбиялап жаткан ар бир жаран алардын жүрүм-турумуна күн мурунтан көңүл бөлүп, туура тарбия алышына кам көрбөсө, кийин соңунда күтүлбөгөн кокустукка кабылып, бармагын тиштеп калышы толук ыктымал.