Марал Радиосу

Бишкек: Коронавируска чалдыккандар үчүн 227 орун бар

Бүгүнкү күндө Бишкектеги медициналык мекемелерде коронавируска чалдыккандар үчүн 227 керебет бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ага ылайык, кошумча маалыматты ооруканалардын картасы жарыяланган сайтынан табууга болот.

20-мартка карата акысыз орундар:

Улуттук хирургиялык борбор — 4;

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасы — 205;

№2 клиникалык төрөт үйү — 18.

2020-жылдын март айынан бери республикада 87 миң 321 жугуштуу пневмония жана COVID-19 учурлары катталды.

Exit mobile version