Марал Радиосу

Президент «Sputnik V» вакцинасын Монголияда өндүрүүнү сунуштады

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Орусиянын Монголиядагы элчиси Искандер Азизовду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы быйыл Монголия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп өттү.

Ал Монголия коронавируска каршы вакцина өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин баса белгилеп, элчинин орусиялык «Sputnik V» вакцинасын Монголияда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп, кызматташуу боюнча Кремлге сунуштоосун өтүндү.

Өз кезегинде Азизов президенттин сунушун тез арада Кремлге билдирерин айтты.