Марал Радиосу

Бүгүн эл аралык бакыт күнү

Бүгүн эл аралык бакыт күнү. 2012-жылы БУУ өзүнүн резолюциясы менен ар бир адамдын жашоосундагы бакыттын маанилүүлүгү жана бактылуулукка умтулуу бардык адамдар үчүн жалпы сезим деген идеяны колдоо максатында 20-мартты Эл аралык бакыт күнү деп жарыялаган.

Белгилей кетсек, 2019-жылы калктын бактысы боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 92-орунду ээледи (Нигерия менен Босния жана Герцеговинанын ортосунда).

Мындан тышкары, 20-мартта эл аралык этсиздик күнүн көптөгөн өлкөлөр 1985-жылдан бери белгилеп келишет. Бул күнү дүкөндөр менен ресторандар эт сатуудан баш тартышат.

Активисттер вегетариандыкты, ошондой эле жаныбарларга боорукердик жана айлана-чөйрөнү коргоо идеяларын жайылтышат.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, адамзат жыл сайын 60 миллиарддан ашуун жандыкты (балыктар, моллюскаларды эсепке албаганда) союп жейт.