Марал Радиосу

Акматов «Жерүйдө» жеке кызыкчылыгы болгондорду атады

Журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов «Маралга» берген маегинде «Жерүй» алтын кенин орус тарапка берүүдө жеке кызыкчылыктар болгонун билдирди.

Анын айтымында, «Жерүйдү» Орусияга берүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариевдин кызыкчылыктары болгон. Бул — чыккынчылык.

«Мамлекет культтук кызыкчылыкка төп келбеген келишимди бузууга милдеттүү. Мамлекеттик пайда көрүүнү көздөгөн ишкердин эмес, өз элинин кызыкчылыгын коргошу керек», — дейт Акматов.

Ал белгилегендей, мамлекет кендерден үлүшүн алтын түрүндө алышы керек.