Марал Радиосу

3,7 млн сом: «Ала-Арча» паркындагы коррупциялык фактылар аныкталды

«Ала-Арча» жаратылыш паркын иштетүүдө коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүндөгү (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу) кылмыш белгилери боюнча Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, аталган паркта одоно мыйзам бузуулар болгону аныкталган.

«Ала-Арча» жаратылыш паркынын балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документтеги санын салыштыруу учурунда 39 жылкы жана 26 топоз кем болуп чыккан. Жооптуу адамдардын мындай мыйзамсыз мамилесинен мамлекетке 3 млн 700 миң сомдон ашык зыян келген.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.