Марал Радиосу

Абылгазиев майдын аягына чейин камакта калтырылды

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-майга чейин камакта калтырылды.

Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча отурум болду.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Абылгазиевдин УКМКнын тергөө абагында камакка калтыруу түрүндөгү баш коргоо чарасы 2021-жылдын 26-майына чейин узартылды.

Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупция жана мыйзамсыз боюнча фактысы боюнча айыпталууда.