Марал Радиосу

«Жеке кызыкчылыктардан улам «Жерүйдү» орус компаниясы иштетип калды»

«Жерүй» алтын кенин Орусиянын компаниясы иштетип калышына жеке кызыкчылыктар себеп болду. Бул тууралуу журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кенди орус компаниясы иштетип калышы — түшүнүксүз жагдай. Бул жерде мамлекеттик кызыкчылыкка көп маани берилбей калды. «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын «Жерүйдү» иштетүүгө толук кудурети жетмек. Бирок түрдүү себептерге байланыштуу «Кыргызалтын» кенди иштетүүдөн четтетилип калган. Бул — сокур кызыкчылык, мамлекеттик саясаттын жоктугунан кабар берет.

Эгерде «Жерүйдү» «Кыргызалтын» иштетсе, мамлекетке эбегейсиз киреше түшмөк. «Кыргызалтын» дүйнөлүк деңгээлдеги компанияга айланмак.

— Орусияга 5 млрд доллардан ашык киреше бере турган кенди карматып коюшту. Биз мында утулдук, «Кумтөр» сыяктуу көрүнүш кайталанды», — дейт Акматов.

Ал белгилегендей, учурда алтынга болгон талап күчтүү. Анткени көп мамлекет резервин алтын менен өлчөйт.