Марал Радиосу

Бишкектин башкы планын иштеп чыгууга 101 млн сом керектелет

Бишкек шаарынын башкы планы 2025-жылы бүтөт. Аны иштеп чыгуу үчүн 101 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Бишкек шаарынын башкы планы 2006-жылы түзүлгөн, жарактуу мөөнөтү 2025-жылы бүтөт. Себеби план 15-20 жылга гана түзүлөт.

Курулуш компаниялардын башчыларынын айтымында, Бишкек шаарынын жакынкы 20 жылдагы башкы планы бекитилбегендиктен, курулуш тармагын артка тартууда.