Марал Радиосу

Өлкөгө Чүй дарыясын кечип кирмекчи болгон Орусия жараны кармалды

Чүй облусунун аймагынан Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Орусиянын 1989-жылы туулган жараны чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган. Тактап айтканда, Казакстандан Кыргызстанга Чүй дарыясын кечип өтмөкчү болгон жеринен чек ара кызматкерлери колго түшүргөн.

Учурда андан аркы чараларды көрүү үчүн кармалган жаран тиешелүү органдарга өткөзүлүп берилди.

Exit mobile version