Биз менен байланышыңыз

Баткен-Согди облусунун башчылары 10 пункттан турган протоколго кол койду

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 771 | 0

Баткен-Согди облусунун башчылары кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

17-18-мартта Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гүлистон шаарында жолугушту.

Жетекчилер чек аралаш аймакта акыркы орун алган окуяларды, эки тараптан тең чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кармалган жарандардын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен нормативдик-укуктук документтерди аткарууга алуу жагын белгилешти.

Бул жолугушууда Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдин ынтымагын бекемдөө менен чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.

Жыйынтыгында тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту. Анда;

-Буга чейинки Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан бекитилген макулдашуулар, келишимдер жана протоколдорду аткарууга алууну тийиштүү органдарга тапшыруу;

-Баткен, Лейлек райондору менен Тажикстандын Исфара, Бабожон Гафуров райондорунун башчылары, чектеш айыл аймак башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, чек аралаш аймакта чыр-чатактардын алдын алуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-Укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону активдештирүү;

-Чек аралаш аймакта орун алган маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ түзүү;

-Терроризм, экстримизм менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу, эл арасында аткезчиликке (контрабанда) бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-Чек аралаш аймактагы соода жүргүзүүнү жөнгө салуу;

-Суу ресурстарын пайдаланууда буга чейинки документтердин алкагында кызматташууну активдештирүү;

-Жайыт жерлерин пайдалануу боюнча макулдашууларды кароо;

-Чек аралаш аймактын жашоочуларынын ортосунда массалык-маданий, спорттук иш-чараларды уюштуруу жагы белгиленди.

Эки тарап мындан ары облустар аралык кызматташууну жандантуу, жаралган көйгөйлөрдү боордош, коңшу эл катары сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ишеним артарын билдиришти.

Облус башчылары пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы, жергиликтүү элди турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерде бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылганы, мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча бир пикирге келишти. Мындан улам Лейлек районундагы «Кулунду», «Кайрагач», Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү макулдашылды.

Ошол эле учурда чек аралаш аймакта аткезчилик (контрабанда) аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынары, мыйзамсыз иш-аракеттерге катаал чара көрүлөрү айтылды.

Чек ара боюнча Тажикстандагы отурум жыйынтыкталды

Copyright © 2017 Maral FM