Марал Радиосу

Шоу-бизнес: Кыргызстан Борбор Азиядагы атаандаштыкта артта калууда

Кыргызстандан да эл аралык аренаны багынта турган шоу-бизнес өкүлдөрүн чыгаруу мүмкүнчүлүгү барбы? Акыркы кезде сыртка таанылууга аракет кылган, эл аралык кароо-сынактарга катышууга дилгир болгон ырчылардын саны азайдыбы? Кыргыз шоу-бизнеси Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандагы ырчылардан эмнеси менен айырмаланат жана кайсы багытта артта калууда? Биз Кыргызстандагы шоу-бизнес өкүлдөрүнүн эл аралык аренага чыгуу мүмкүнчүлүгүн ырчылар, ивент-менеджерлер жана продюсерлер менен талкууладык.

Учурда Орто Азия чөлкөмүнөн чыккан жаш таланттар дүйнөлүк же КМШ аймагындагы шоу-бизнести багындырууда. Айрыкча Казакстандан чыккан шоу-бизнес өкүлдөрү Димаш, Нурлан Сабуров, Жах Халиб, Скриптонит сыяктуу ырчылардын башка өлкөлөрдө да популярдуулугу артып турган чагы. Коңшу Өзбекстандан да КМШнын аудиториясын багынткан ырчылар ондоп саналат. Ал эми теги тажикстандык ырчы Манижа «Евровидение» сынагына Орусиянын атынан бармай болууда. Бул маалыматтын фонунда кыргыз интернет айдыңында: «Эмне үчүн эл аралык аренага чыккан шоу-бизнес өкүлдөрү бизде жок?» — деген талкуу жүрүүдө. КР эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков бул ырчынын өзүнүн аракетинен көз каранды экенин айтып, мында мамлекетти же элди күнөөлөгөн туура эмес деп эсептейт.

— Жах Халиб, Скриптонит, Назима сыяктуу ырчылар Орусиядан угармандарын таап, андан ары атактуулукка жетише алды. Демек бизден чыкпайт деген ой болбошу керек. Бизден ырчы Арсендин үнүн абдан баалап келем, анткени аныкындай баритон үндүү ырчылар сейрек кездешет. Ошондой эле бизден «Минимум» деген ыр менен чыккан Фейджи жана Ямаджи, Сэм Космо сыяктуу жаңы ырчылар жакшы темп менен баратышат. Баса белгилей турган нерсе, мында мамлекетти же элди күнөөлөгөн туура эмес, ырчы өзүнө эч кандай чек койбой, алдыга умтула бериши керек.

2012-жылы болуп өткөн «Евразия жылдызы» музыкалык сынагынын жеңүүчүсү, КР эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков шоу-бизнес болобу же башка тармакпы, айтор жаңы тенденциялар алгач Казакстанга келерин айтат. Бирок ошол эле учурда Казакстандагы тренддер сөзсүз Кыргызстанга да келет деген ишенимде.

— Боордош казак элинин ийгиликтери бизди да абдан кубантат. Аларга келген ийгиликтер сөзсүз түрдө бизге да келет деген ишеничтемин. Казакстан жергесинен биз билгенден Димаш Кудайбергенов, Назима, жана эң мыкты ремикс үчүн берилүүчү «Грэмми» сыйлыгын утуп алган Иманбек Зейкенов деген диджей жигиттин акыркы учурда багынткан ийгиликтери казак эли үчүн абдан чоң жетишкендик болуп жатат. Албетте ага жетүү үчүн талыкпаган эмгек жана каалоо болушу керек. Ошондой эле азыркы учурда чыгып келе жаткан кыргыз ырчыларынын жасап жаткан эмгегин деле баалоого болот. Казакстан же Өзбекстандын жашоо-шарты, өлкөнүн өнүгүү деңгээли бизден айырмаланып турат, мунун да таасири болушу мүмкүн, бирок аны негизги тоскоолдук катары кароого болбойт. Ошондой эле элибиздин колдоосу да абдан маанилүү.

«Асман» вокалдык ТВ-шоунун башкы продюсери, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Дарика Асылбашева кыргызстандыктардын эл аралык аренага чыга албай жатканынын бир себебин каражат маселеси менен байланыштырат. Бирок ошол эле учурда келечектен көптү үмүттөндүргөн аракетчил жаштардын бар экенин тизмектеп өттү.

— Кошуна өлкөлөрдү көрүп, бир чети кубансак, бир чети өзүбүздү аларга салыштыра келгенде, аз болсо да абалыбызга кайгырбай койбойт экенсиң. Мен да ошол өлкөлөрдөн чыгып жаткан белгилүүлөрдүн алгачкыларын тааный баштагандан бери эле ушул боюнча көптөн бери ойлонуп, «Эмне үчүн биздин Кыргызстандан да ушундай атактуу, сапаттуулар чыкпай жатат?» — деп кабатырланам. Ар кандай долбоорлорду уюштуруп, азыркы ырчыларды жаңы эл аралык багытка бурууга аракеттенип келебиз. Бизде өтө көп ырчылар бар чоң аренага чыга турган. Нурсултан Азыкбаев, Бек Исраилов, акыркы чыгып жаткандардан Урмат Токомбаев, Дильноза Айдарбекова сыяктуу ырчылардан үмүтүм чоң. Мына ушулар менен алектене турган болсок, албетте биз да ошондой деңгээлге чыга турганыбызга ишенем. Бизде бул багытта эң эле негизгиси, каражат маселеси жана моралдык колдоонун жетишсиздиги болуп саналат. Анткени бул биздеги тойго арналган ырлардан айырмаланып, сапатына жараша каражаты да өтө чоң болот. Өз элинин колдоп-коштоосу болбосо, андай ийгиликтерди багынтуу мүмкүн эмес.

Ал эми бир катар ырчыларды ата мекендик шоу-бизнестин катарына кошкон белгилүү продюсерлердин бири Тынчтыкбек Кожобеков кыргызстандык ырчылардын дүйнө таанымы өтө тар деп сындап өттү. Анын айтымында, кыргыз шоу-бизнесинде азыр өзү ырдаган ырдын авторун билбеген ырчылар бар. Мындан улам ал дүйнөгө таанылуу үчүн бир гана талант жетишсиз деп эсептейт жана буга мамлекеттик колдоо да зарыл деген пикирде:

— Кыргызстанда таланттар аябай көп, бирок таланттын бар экени жетишсиз. Аны биринчиден, моралдык жактан, экинчиден, материалдык-техникалык база менен, үчүнчүдөн, финансылык жактан чоң колдоо көрсөтүү керек. Ошондо гана талант өз ажарын ачып чыгат. Советтер Союзунун учурунда да андайларга мамлекет өтө көп көңүл бурчу. Сүрөтчүлөрдөн тартып, опера жана балеттин көркү ачылып, спорттун мыкты чеберлери, артисттерден өтө кыйын инсандар жаралды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эч ким эч кимди колдобойт. Ошол себептен биздин ырчылар дүйнөлүк аренага чыга албайт. Чыкса деле орус туугандар айткандай «случайно» чыгып калышы мүмкүн, бирок популярдуулук 1-2 айга чейин гана тура алат. Атайын тапталган ырчыларга салыштырмалуу алар убактынчалык эле. Анткени биздин жасап жаткан контентибиз өтө начар. Кыргызстандагы азыркы ырчыларга алгач чет элдик тилдерде эмес, өзүбүздүн эле кыргыз ырларын таанып, кимдердин калемине таандык, композиторлору кимдер экенин билип алышын сунуштайт элем. Кээ бир жаш ырчыларды көрүп таң калдым. Анткени, ырдап жаткан ырынын авторун өлгөн деп билсе, анан кантип биз дүйнөлүк деңгээлге чыгабыз.

Кыргызстанда эстрадалык жанр 80-жылдардын ортосунда жаңылык катары кирип, 90-жылдары өнүккөн. Ал эми кыргыз шоу-бизнесинин өнүгүүсүнүн экинчи бир толкуну 2005-жылдарга туура келип, көркөм клиптер тартылып, учурда популярдуу делген бир катар ырчылардын жылдызы жанган. Акыркы кездери эксперттер кыргыз-шоу бизнеси такыр өнүкпөй жатканын, ырчылардын көпчүлүгү Инстаграм аркылуу каражат табуунун артына түшүп, гив ойнотуп, өздөрүнүн деңгээлине жарашпаган иштерди жасап жатканын сынга алып келишет.

Даярдаган: Насирдин Тайлаков

Exit mobile version