Марал Радиосу

Мечиттер кандай каржыланат?

Өлкөдө 3 миңден ашуун мечит бар. Алардын айрымдары кайрымдуулук уюмдар, чет өлкөлөр тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин мүчөсү, теология илимдеринин докторанты Марс Ибраев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, имамдарга берилүүчү стипендия токтоп калды. Мечиттер коммуналдык төлөмдөрдүн элден түшкөн каражаттын эсебинен төлөп келет.

Ибраев бул багытта мечиттерге жеңилдиктер каралышы керектигин белгиледи.