Марал Радиосу

«Диний чөйрөдө да саясий күчтөрдүн басымы байкалат»

Диний жамааттар арасында Муфтийлик кызмат талаш эмес. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин мүчөсү, теология илимдеринин докторанты Марс Ибраев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Муфтийлик кызмат үчүн жамааттык кызыкчылыктар жок, бирок жеке кызыкчылыктар болушу мүмкүн.

Диний чөйрөдө да айрым саясий күчтөрдүн, мамлекеттердин басымы байкалууда.

«Кыргызстан — эгемендүү мамлекет. Эч ким бизге буюртма бербеши керек. Муфтиятта да сырткы күчтөрдүн таасири болуп калышы ыктымал. «Башка мамлекет кийлигишпесе» деген тилегим бар. Ушул күнгө чейин анын элементтери орун алууда. Азырынча ким экенин айта албайм, кийинчерээк айтууга мажбур болушум мүмкүн», — дейт Ибраев.