Марал Радиосу

Кримтөбөл «Алтуханын» баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

«Алтуха» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алтынбек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып, чет жакка кетпөө тил катынын негизинде үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алган. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Кримтөбөл Алтынбек Ибраимов 13-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү иштеринин алкагында кармалган.

12-январь күнү Алтынбек Ибраимов Ички иштер министрлигине чакырылган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыктан, баарлашууга чакырылганы айтылган.