Марал Радиосу

Былтыр 900 миң жаран сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү

Өткөн жылы 900 миң жаран сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Натыйжада сасык тумоого чалдыккандар аз катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эмдөөнүн арты менен сасык тумоонун деңгээли ылдый болду.

Коронавирус өпкөнүн ылдый жагын жабыркатса, сасык тумоо өйдө жагына таасир этет.

«Эки илдет кошулганда дем алуу органдары толугу менен иштен чыгып калууда. Ошондуктан алдын алдык. Грипп менен коронавирус аралашып, каза тапкандар катталган жок», — дейт Үсөнбаев.

Жыл сайын 20-100 миң адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтөт.