Марал Радиосу

«Оскар» сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

Дүйнөгө белгилүү Американын «Оскар» киносыйлыгына ат салышкан талапкерлердин тизмеси жарыяланды.

Маалыматка ылайык, «Мыкты көркөм фильм» номинациясына 8 тасма, ал эми калган номинациялар боюнча адаттагыдай 5тен талапкер көрсөтүлгөн. Бул жолку сыйлыкта 23 номинация каралган.

Сыйлыкка тандоо 7 миңден ашуун мүчөсү бар 17 гильдиядан турган Америка киноакадемиясы тарабынан жүргүзүлөт. Ар бир гильдия өздөрүнүн багытына жараша номинацияларга добуш берет. Булардын ичинен мүчөлөрү эң көп Актерлор гильдиясы болуп эсептелет.

«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 26-апрелде өтөт.