Марал Радиосу

«Дары-дармек кымбаттап кетиши ыктымал»

Дары-дармек кымбаттап кетиши ыктымал. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Жетпеген нерселерди алып келүүгө шарттар бар. Эгерде азык-түлүк жетишсиздиги жаралса, алгач авитаминоз пайда болушу мүмкүн. Жарандардын бою кыскарып, салмагы төмөндөп баштайт. Тамак-ашка байланыштуу көп нерсе болот. Бир өңчөй тамактануунун да кесепети оор», — дейт Үсөнбаев.

Анын айтымында, фармацевтика тармагында иш алып баргандарга дары-дармек менен камсыздоо багытында чакырыктар ташталууда.

Мындан тышкары өзбек тарап менен лаборатория салуу маселеси каралат.