Марал Радиосу

Бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирус жуктурду

Кыргызстанда бир суткада 73 адам коронавируска чалдыгып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдети Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Нарын облусунда – 1 адамдан табылган.

Ал эми бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 49 адам айыгып, Чүй облусунда 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда 337 бейтап, амбулатордук түрдө 307 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 924 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 484 адам каза болду.